Кыргызстандын балбан кызы, спортчу Айсулуу Тыныбекова өз сүйүүсүн тапканын билдирди. Ал Инстаграм баракчасына сүрөтү менен видео жүктөп, билдирүү калтырган.
Ал жашоодо өз адамын кезиктиргенин айткан.
"Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана алып, аракет кылган адамдан таптым.
Бул жыл мага дагы бир жеңиш алып келди. Бул сүйүү, жаңы жашоо жана үй-бүлө", - деп калтырган спортчу айым.
Спортчу айым азырынча жүрөгүн багындырган мырзанын атын ачыктай элек.
Белгилей кетсек, белгилүү кыргыз балбаны 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына катыша тургандыгын билдирген. Ошондой эле Париждеги мелдештен кийин бир аз тыныгуу алганын айткан.