Мамлекет куруп жаткан батирлер качан берилери белгилүү болду

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Facebook баракчасы аркылуу Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан батирлеридин алды жарандарга 16-декабрда тапшырыларын билдирди.

"Пайызы төмөндөтүлүп, баасы жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу эки эсеге жакын арзан. Эң башкысы өз убагында бүтүп жатат. Мындан ары ипотекалык компаниянын мүмкүнчүлүгү кеңейип, курулуштун саны дагы көбөйөт.

Элибиз сабыр кылып турса, алдынкы убактарда турак жайга болгон муктаждык чечилип кете берет. Албетте, бир күндө же бир убакта баарына жеткире албайбыз. Бул аракеттердин башталганына 1,5 жыл гана болду. Кыска убакытта биз көлөмдүү жумуштарды жасай ала турганыбызды далилдей алдык", - деп жазды ал.

Эске салсак, Туманбаев "Ынтымак ордо" резиденциясындагы маалымат жыйынында жыл аягына чейин 2 миң 200 үй-бүлө батир менен камсыз болорун айткан. Ошондой эле ал батирлердин баасы тууралуу дагы маалымат берген.

13.12.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан