Мамлекеттик ипотека аркылуу берилчү батирлердин баасы канча? Туманбаев жооп берди

Бүгүн, 21-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекеттик ипотека куруп жаткан батирлердин баасы рынокко карата болорун айтты.

"Мугалимдерге, чыгармачыл адамдарга жана дарыгерлерге, кезекке турган жөнөкөй жарандарга кандай гана даректе жайгашпасын чарчы метри 650-750 доллардан 25 жылга баштапкы төлөмү жок берилет", - деди ал.

Туманбаев батирлердин баасындагы 150-200 доллар өлчөмүндөгү айырма жайгашкан жерине жараша болорун кошумчалады.

21.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан