Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 10 жаштагы кызы Сумая Кыдыршаева Барселонада өткөн беттеште мыкты оюн көрсөтө алды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирип, видео менен бөлүштү.
"Камчыбек Ташиевдин 10 жаштагы кызы Сумая Барселонада болгон бир оюнда 3 гол киргизип, өзүнүн талантын дагы бир ирет көрсөттү. Жеңиштериң арта берсин", - деп билдирүү калтырган ал.
Белгилей кетсек, буга чейинки Барселонадагы беттеште Сумая мыкты оюнчу деп табылган эле.