Камчыбек Ташиевдин кызы Барселонада мыкты оюнчу деп табылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызы Сумая Кыдыршаева Барселонадагы беттеште мыкты оюнчу деп табылды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Кыргыздын кызы Сумая Барселонадагы беттеште гол киргизип, ийгилик жаратты. Мындан улам ал мыкты оюнчу аталды", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасынын кичүү уулу Эмир-Хан да футбол ойнойт. Ал испаниялык "Барселона" футболдук клубунун жаштар командасына кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан