Нигерияда баскынчылардын кыштакка болгон чабуулунан 30 адам каза тапты

Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү Шононг кыштагына 6-январь күнү баскынчылар чабуул жасашып, натыйжада 30 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү тургундардын айтуусуна таянып жазып чыгышты. 

Окуяга күбө болгондордун айтымында, каза болгондордун басымдуу бөлүгү аялдар жана жаш балдар. Баскынчылардын тобу эртең менен кыштактын жашоочуларына карата ок чыгарып, үйлөрүн өрттөшкөн. Ошондой эле жаныбарларын алып кетишкен. 

Ал эми расмий билдирүүлөрдө 5 адамдын каза болгону эле айтылып, өрттөнгөн үйлөр тууралуу маалымат берилген эмес. 

Белгилей кетсек, Нигериянын борбордук бөлүгүндөгү жашаган мусулмандар менен христиандардын ортосунда этникалык жана диний багыттагы пикир келишпестиктер тез-тезден чыгып турат. 

Аталган өлкөдөгү укук коргоочу уюмдун билдирүүсүндө 20 жыл ичинде 10 миңден ашуун адам жогорудагы конфликттерден улам каза болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uluk1982
2014-01-07 12:20:28
Демек Христриандар кол салышкан,мусулмандар болгондо "террористер ж.б " деп жазышмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан