Бүгүн, 17-декабрда президент Садыр Жапаров “Ысык-Ата” курортунун реконструкциялоо иштерин, корпустарды карап жүрүп, аталган жайдын кызматкерлери менен баарлашты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анда кызматкерлер айлык акы жана бала бакча маселесин көтөрдү.
Президент айлык акы март айына 50 миң сомдон 70 миң сомго чейин көтөрүү пландалып жатканын айтып, бул эмгек шарттарын жана кызматкерлердин бакубаттуулугун жакшыртууга карай маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары өлкө башчысы 500 үй-бүлөнүн балдары үчүн бала бакча курууга жеринде компетенттүү жетекчилерге тапшырма берип, долбоорду иштеп чыгууну сунуштады. Садыр Жапаров зарыл социалдык инфраструктураны түзүү курортту мындан ары модернизациялоодо артыкчылыктуу болорун белгилегени маалыматта кошумчаланган.
Белгилей кетсек, президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн Чүй облусундагы “Ысык-Ата” санаторийи оңдоп-түзөөдөн соң колдонууга берилди.