Бүгүн, 17-декабрда Чүй облусундагы “Ысык-Ата” санаторийи реканструкциядан соң ишке берилди. Ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров санаторий президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлүнө өткөндөн кийин масштабдуу реконструкциялоо жана курулуш иштери башталганын, ошондой эле жеке менчикке мыйзамсыз өткөн объекттер мамлекетке кайтарылганын айтты. Мындан тышкары жалпы суммасы 90 миллион сомдон ашык карызы төлөнгөндүгү белгилүү болду.
Ага улай мамлекет башчысы “Ысык-Ата” курорту жети облустагы дары суулардын ичинен ондун бири катары өзгөчө орунду ээлей турганын айтып, туристтердин эң көп келе турган жайларын толуктай тургандыгын кошумчалады.
Белгиленгендей, бул жайда каттоо кеңсеси, 4 ысык булак бассейни оңдолуп-түзөлүп, клиниканын капиталдык ремонту бүткөрүлдү. Бир нече корпус реконструкцияланды, имараттарга жаңы эмеректер сатылып алынды. Ошондой эле футбол аянтчасы, балдар ойной турган заманбап аянтча, амфитеатр курулду.
Белгилей кетсек, санаторий Кыргызстанда гана эмес, бүт Борбор Азия чөлкөмүндө ысык булактары менен белгилүү. Бишкектен 78 чакырым узактыкта жайгашкан санаторийдеги кайнар булактарга артрит, полиартрит, гинекологиялык оорулардан, нерв системасы жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан жабыркагандар дарыланганы келишет.