Бишкек–Каракол аба каттамы аптасына канча ирет аткарыла тургандыгы айтылды 

Эртең, 19-декабрдан баштап Бишкек–Каракол, Каракол–Бишкек багыты боюнча аба каттамдар “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов Инстаграм баракчасынан билдирди.

Анын айтымында, каттамдар аптасына эки ирет жүргүзүлөт.

"Мындан ары бейшемби жана жекшемби күндөрү жумасына 2 жолу аталган багыт боюнча уча аласыздар. Билеттердин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноуборддорду учакка алуу бекер.


Билеттерди asmanairlines.kg же App Store, Google Play asmanairlines.kg тиркемесин жүктөп алып, ошол жерден сатып алсаңыздар болот", - деп калтырган билдирүүсүндө.

Ошондой эле жакын арада Ош–Каракол, Каракол–Ош багыты боюнча каттамдар тууралу маалымат айтыла тургандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 11-декабрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы эл аралык аэропортту ачкан. Мамлекет башчысы аэропорттун ишке киргизилиши аймактык байланыштарды чыңдоо, туризмди өнүктүрүү жана эл аралык айдыңда Кыргызстандын ордун бекемдөө багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналарын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан