Бүгүн, 11-декабрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы эл аралык аэропортту ачты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы “Каракол” эл аралык аэропортунун ишке киргизилиши аймактык байланыштарды чыңдоо, туризмди өнүктүрүү жана эл аралык айдыңда Кыргызстандын ордун бекемдөө багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналарын белгиледи.
“Бул аэропорттун ачылышы башталышы гана деп туралы. Эмки милдет – өлкөбүзгө келген туристтердин Каракол шаарына жөн эле келип-кетишин камсыз кылбастан, аларды кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин сезе тургандай, жаратылыштын кооздугуна шыктанып, көл калаасынын кайталангыс маданиятына суктангыдай кызыктуу борборго айландырууга багыт алалы! Туристтерге сый мамиле жасайлы, туугандар.
Мына, Жыргалаң–Бозучук–Акбулак лыжа базасынын курулушу башталып жатат. Жакынкы жылдары бул жерлерде Орто Азия жана КМШ өлкөлөрү боюнча эң чоң жана эң ыңгайлуу шарттары менен “Кыргыз Куршевель” лыжа базасы ишке кирет. Мына ушул аэропорттон болгону 70 чакырым аралыкта. Сезондо эле миллион туристти кабыл алууга кубаты жетет. Жылы бою иштеген база болот”, - деп билдирди Садыр Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчысы кыргызстандыктарды келген туристтерге сый мамиле кылууга чакырып, аэропортту курган куруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, “Манас” эл аралык аэропорту алгачкы жолу ички авиаташуулардын муктаждыктарын жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алган. Бүгүнкү күндө “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы” бул учактар менен Жалал-Абад, Баткен, Раззаков, Талас жана Ош шаарларына ички каттамдарды тейлөөдө.