Жогорку Кеңеш Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги каралды.

Анда депутаттар суроо беришип, андан кийин добуш берүүдө Адылбек Касымалиевдин талапкерлигин депутаттар жактырышты.

Депутаттар ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, экономика жана коммерция министрине Бакыт Сыдыковдун талапкерлигин жактырышты.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы кабарланган. Анын ордуна төраганын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан