Акылбек Жапаровдун ордуна ким келери маалым болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

"Касымалиев Адылбек Алешович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кызмат ордуна дайындоо үчүн Касымалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилери кошумчаланды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун башка ишке ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан