Кара-Суу районунда жубайы менен кайын энесин сабоого шектелген жаранга кылмыш иши ачылып, бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап, кыйноо) негизинде кылмыш иши козголуп, сот тарабынан 1 айга камакка алынган.
Буга чейин ал 64 жаштагы кайын энесин сабаган делип 7 суткага камакка алынган. Чечимди Кара-Суу райондук соттун Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 57-беренеси (Ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) боюнча топтолгон материалдын негизинде кабыл алган. Ал эми 24 жаштагы аялын сабоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканы маалымдалган.