Ноокат районунда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө аракет кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалымат боюнча, ноябрь айында милицияга Ноокат районунун аймагында бир жаран баңгизатты мыйзамсыз сактап, сатып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 54 жана 50 жаштагы жарандар кармалып, жанынан жана үйлөрүнөн 49,09 грамм өзгөчө жыты бар зат табылган. Дайындалган тийиштүү экспертиза алынган зат гашиш баңгизаты экендигин аныктаган. Мындан улам шектүүлөр сот тарабынан камакка алынды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева 10 айда өлкө аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 14 тонна 743 килограмм 244 грамм баңгизат алынганын айткан.