Быйылкы жылдын 10 айында өлкө аймагында 14 тонна 743 килограмм 244 грамм баңгизат алынды. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 7 тонна 355 килограмм 105 граммга көп. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.
Ал эми ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жыл башынан бери баңгизатка байланыштуу 1087 кылмыш иши козголгонун айтты.
Жыйында "Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.
Анда документтин демилгечиси, депутат Медер Алиев жаштар арасында синтетикалык баңгизаттарды колдонгондордун саны өсүп жатканын белгилеп, иштелип чыккан мыйзамда баңгизатты жарнама кылгандарга айып пул салуу жазасы күчөтүлүп абакка кесилери, күчтүү таасир этүү дарыларды дарыгердин сунушу жок саткан дарыканаларга салынчу 50 миң сомдук айып пулду 200 миң сомго чейин көтөрү каралганын айтты.