Президенти Садыр Жапаров Түркияда тик учактын кыйрашынан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
“Түркиянын Мугла провинциясында медициналык тез жардам тик учагы Мугла провинциясындагы окуу жана изилдөө ооруканасынын имаратына кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эске салсак, буга чейин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тез жардам тик учагы өлкөнүн түштүк-батышындагы Мугла шаарындагы илимий оорукананы сүзүп, кулап түшкөн. Натыйжада эки учкуч, оорукананын дарыгери жана фельдшер каза болгон.