Түркияда тик учак оорукананы сүзүп, адамдар каза болду

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тез жардам тик учагы өлкөнүн түштүк-батышындагы Мугла шаарындагы илимий оорукананы сүзүп, кулап түштү. Бул тууралуу TRT Haber телеканалы билдирди.

Натыйжада төрт адам: эки учкуч, оорукананын дарыгери жана фельдшер каза болгон.

Тик учак Анталияга учушу керек болчу. Ал абага көтөрүлгөндөн кийин имараттын 4-кабатын сүзүп, оорукананын короосуна кулап түшкөн. Тик учак жерге урунганда бөлүкчөлөргө бөлүнүп кеткен.

Провинциянын губернатору Идрис Акбыйик өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептери такталп жатканын билдирди. Анын айтымында, тик учак абага көтөрүлгөн аймакта коюу туман болуп жаткан.

Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан