Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
51 жаштагы Айбек Молдогазиев 1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн. Ал 2022-жылдын февралынан бери тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалап келаткан.
Эске салсак, мамлекет башчысы 25-октябрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаевди кызматтан бошоткон. Аманбаев бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган болчу.