Тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиев эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы орун басарды эмгек жамаатка президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев тааныштырды.
Айбек Молдогазиев 1995-жылдан бери ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директорго чейин дипломатиялык баскычтарынын баарын өттү. Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы бар.
2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.
2017-жылдын августунан баштап Кыргыз өлкөсүнүн Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө кеңешчи - кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2022-жылдын 10-февралынан баштап тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.