Жактоочу Самат Матцаков 28-февралга чейин камакта калтырылды 

Жактоочу Самат Матцаковдун бөгөт чарасы узартылып, дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Матцаков УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 2025-жылдын 28-февралына чейин камакта кала турганы белгилүү болду. Бөгөт чара тууралуу токтом 30-декабрда саат 01:30да угузулган.

Ал эми жактоочу Самат Матцаков жергиликтүү басылмаларга кыска маек берип, бөгөт чарасын кароо боюнча соттук отурумда мыйзам бузулганын билдирген.

"Биринчи май райондук соту 30-ноябрда мени 30-декабрга чейин камакка алган. Ушундан улам менин камактагы мөөнөтүм өтүп кетти. Бул маселени өзүнчө караш керек болчу. Мен адвокаттарым менен кеңешип алууга уруксат сураганыма карабай аны четке кагып койду", - деген ал.

Аталган факты боюнча Биринчи май райондук соту өзүнүн түшүндүрмөсүндө, бөгөт чараны кароо 29-декабрда 12:20да башталып, 30-декабрда саат 00:30да аяктаганын билдирген.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “алдамчылыкка” шектелип кармалган адвокат Самат Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан