Мелис Сатыбековдун камактагы мөөнөтү узартылды

Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбековдун камактагы мөөнөтү 4-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, райондук сот мындай чечимди 2024-жылдын 30-декабрында кабыл алган. Анын абактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүнчүн УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Эске салсак, Сатыбеков УКМК тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен бирге кен иштетүүгө лицензия берүүдө коррупциялык аракеттерге барган делип кармалган. Көп өтпөй Биринчи Май райондук соту аларды 4-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Бүгүн Дүйшөнбек Зилалиев эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан