УКМК Зилалиев менен Сатыбековду кармаганы айтылууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбековдун кармаганын айрым маалымат кызматтары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Зилалиев менен Сатыбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген жана алар лицензияларды мыйзамсыз берүү жана коррупцияга шектелип жаткандыгы айтылат.
Эске салсак, буга чейин, 2018-жылы Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп кармалган. 2022-жылдын январь айында ал абактан бошотулган болчу.
Мурдагы вице-премьер 2023-жылы да пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселеси боюнча кармалып, иши каралган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан