Кара-Көл шаарында 6 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалган 62 жаштагы жаран акталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 8-январда Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынан ырастады.
Маалыматка ылайык, чечимди өткөн жылдын 24-декабрында Токтогул райондук соту кабыл алган. Сот ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен тагылган айыптын материалдарын карап, кылмыштын курамы жок деген негизде 62 жаштагы жаранды сот залынан бошоткон. Эми ал өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй камагында болот.
Эске салсак, былтыркы жылдын 18-апрелинде 62 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасаган деген шек менен кармалган.