
Кара-Көлдө өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасаган деген шек менен 62 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча жабырлануучу тарап 11-апрелде милицияга арыз менен кайрылган. Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 31-март күнү болгону такталган жана Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 18-апрель күнү 62 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.