Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова үлпөт тою алдында курбу кыздары менен "девичник" уюштурду. Спортчу 11-январда өткөн кечедеги сүрөт, видеолорду социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин спортчу айым өзүнүн социалдык баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн чыгарган. Анда алар учурда үлпөт тойго кызуу даярдык көрүп жатышканы айтылган.