Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
"Бүгүн мен сиздер менен жашоомдун эң маанилүү бөлүгү менен бөлүшүүнү чечтим. Бул көпчүлүктү кызыктырган менин жолдошум тууралуу суроолор.
Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам.
Ар бир кыз бактылуу болууга милдеттүүбүз.
Менин үй-бүлөм, менин бактым", - деп жазды Айсулуу Тыныбекова.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова өз сүйүүсүн тапканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген. Кийинчерээк түгөйлөр сүйүү баянын Алматы шаарынан тартышканы айтылган.