Бишкек шаарынын Айни көчөсү, 73а дарегинде көп кабаттуу үйдүн курулушу курулуш нормаларына жана эрежелерине толугу менен шайкеш келет. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 15-январда Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкекте курулушу бүтүп калган көп кабаттуу үй кыйшык салынып калганын айткан.
Агенттиктин маалыматы боюнча, атайын иш комиссия түзүлгөн. Алар Мамлекеттик курулуш-контролдоо департаменитинин директорунун төрагалыгы алдында текшерип, нормалардын негизинде салынганын аныкташкан.