Депутат Бишкекте кыйшык салынган көп кабаттуу үй сатылып жатканын айтып, чара көрүүнү талап кылды

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкекте курулушу бүтүп калган көп кабаттуу үй кыйшык салынып калганын айтты.

"Бишкекте бир топ жарандар менен жолуксам азыркы курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты боюнча маселе көтөрүштү. Мен алыс кетпей эле бир курулушту карап көрдүм. Кыйшык экени көзүң менен карасаң деле көрүнүп турат. Болбосо ал курулуп бүткөн. Жанталашып фасадын жаап жаткан экен. Мен токтотуп туруп, жеке геодистти алып келип тарттырып көрсөм, кыйшык чыкты. Мына документтери бар. Бешинчи кабаттан баштап бардыгы кыйшык, талапка жооп бербейт. Анын ээси кыйшыгын көрсөтпөй жаап жатат да. Жарымын элге сатып жибериптир", - деди Маматалиев.

Эл өкүлү айтылып жаткан көп кабаттуу батирдин дареги Айни менен Островский көчөлөрүнүн кесилишинде экенин билдирди.

Жогорку Кеңеш 15.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан