Кыяс Молдокасымов: "Тарыхтын алдында кечиримди президент гана сурай алат" 

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев казак ютуб каналдарынын бирине маек берип, андагы Ормон хан боюнча айткан пикири талкууга кабылды. Аталган окуя боюнча ырчы мырза өзү билдирүү жасап, видео кыскартылып берилгенин, учурда видеонун толук түрүн берүүнү сурап жатканын айткан. Ошондой эле ал тарыхтан кабары бар экенин, Ормон ханды айыптаган мааниде казак элинен кечирим сурабаганын кошумчалап, бул боюнча дагы толук түшүндүрмө бере турганын билдирген.

Ал эми SUPER.KG порталы Кыргызстандын белгилүү тарыхчысы Кыяс Молдокасымов менен маектешип, аталган окуя боюнча суроолорго жооп алдык. Анда тарыхчы тарыхты терең билүүнүн маанисин баса белгилеп, эл аралык мамилелер, улуттук баалуулуктар жана маданий ишмерлердин жоопкерчилиги тууралуу маселелерге кенен токтолуп өттү.

"Тарыхтын алдындагы кечиримди элдин атынан президент гана сурай алат. Жылдыз болобу, атактуу болобу элдин атынан эч качан кечирим сурай албайт. Тарыхты билбей туруп кечирим сураганы туура эмес. Себеби кыргыз эли өзүнүн 3 миң жылдык тарыхында эркиндигин сактоо үчүн көп күрөштөрдү башынан кечирди. Бул тарыхта гана кала турган, андан сабак ала турган окуя", - деди тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

Маекти толугу менен Ютуб каналдан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан