Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында коомчулукта талкууга алынып жаткан маеги тууралуу билдирүү жасады.
Анда ырчы казакстандык Айран Ютуб каналына берген маеги кыскартылып чыгарылганын белгилеп, видеонун толугун суратканын айтты. Ошондой эле ал тарыхтан кабары бар экенин, Ормон ханды айыптаган мааниде казак элинен кечирим сурабаганын кошумчалап, бул боюнча дагы толук түшүндүрмө берүүгө даяр экенин билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда ырчынын казакстандык журналисттерге берген маеги талкууга түшкөн. Примбердиев Айран Ютуб каналынын "Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандын демократиясына ким жолтоо болду?" деген аталыштагы чыгарылышында Ормон хан казактардын акыркы ханы болгон Кененсарынын башын алганы үчүн казак элинен кечирим сураган. Берүүдөн казакстандык журналисттер бир нече кыргызстандыктардан маек алышканын көрүүгө болот.
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев Кайрат Примбердиевдин сураган кечиримин сынга алган. Ал казак пропагандасы күчтүү болуп жаткандыктан тарыхый окуяда Ормон хан күнөөлүүдөй таасирлер калыптанып жатканын белгилеген.