Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Абдуваповдун камактагы мөөнөтү узартылды

Салык кызматынын мурдагы башчысы Алтынбек Абдуваповдун абактагы мөөнөтү 20-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-январда Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалымдалгандай, райондук сот мындай чечимди 17-январда кабыл алган. Анын абактагы мөөнөтүн узартуу сунушун УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Эске салсак, 6-декабрда Абдувапов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ал электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан