УКМК Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповду орун басары менен кармады

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Ислам Кыдыргычов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козголгон кылмыш иши менен кармалган.

"Тергөөдө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Ислам Кыдыргычовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган", - деп белгиленген маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги салык кызматтарында тинтүү иштери жүрүп, 4 жетекчи кызмат адамдары кармалгандыгы айтылган. Ал эми Камчыбек Ташиев алар жасаган мыйзамсыз иштерге тишеси бар жетекчилер да кармалышы мүмкүн экендигин белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан