"Бир күндө 500 бет китеп окуган". Дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болсо 50 жашка толмок

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Аалым үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси болгон. Атасы Тажибай Жалилов математика мугалими, апасы Гулжамал Сакыева англис тили боюнча мугалим болгон.

Чубак ажы орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Ал 1992-1996-жылдары Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясыдагы Умм аль-Куро эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн.

Белгилүү аалым эмгек жолун 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен баштаган. Ал дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп да эмгектенген. Чубак ажы 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган.

Ачык булактарда өз учурунда Чубак ажынын өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда, 5 тоннадай китеби бар экендигин айтылып келет. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдыртканы белгилүү. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырган жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болсо 50 жашка чыкмак. Ал 2020-жылы 11-июлга караган түнү оор абалда ооруканага жеткирилип, саналуу сааттардан кийин пневмониядан улам 45 жашында каза болгон.

Дин аалымы Чубак ажынын маектеринин топтомун бул жактан окуй аласыз.

21-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан