"Кайгырганын билгизчү эмес". Дин аалымы Чубак ажынын маектеринин топтому

Дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо бүгүн, 21-январда 49 жашка чыкмак. Ал 2020-жылы 11-июлга караган түнү оор абалда ооруканага жеткирилип, саналуу сааттардан кийин пневмониядан улам 45 жашында каза болгон.

Чубак Жалиловдун жана анын жакындарынын, замандаштарынын "Супер-Инфо" гезитине берген маектерин окурмандарга сунуштайбыз.

Чубак ажы мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Алгач экономика факультетине тапшырып, кийин медреседе окууга аргасыз болгонун мындайча эскерет:

1992-жылы мектепти аяктап, Түркиядагы бир университеттин экономика факультетине тапшырып, өтүп кеттим. Бирок атам макулдук бербеди, «ал жактан кыйналасың, тил билишиң керек» деп токтотуп койду. Көрсө, атам каражат көйгөйүн ойлогон экен. Кыргызстанда эле окуюн десем, бардык окуу жайларда орун толуп, Бишкекте бир гана медресе калыптыр. Атам «медресеге тапшыра бер, арабча үйрөнсөң, балким элчи болуп кетесиң» десе, апам «Мусулманкул ажыдай болуп, эл кадырлаган адам болосуң» дешип, айтор мени көндүрүштү. Ошентип медреседе окууга аргасыз болдум. Тагдырым дин илимине байланды.

Биздин редакцияга берген маектеринде ал үйдөгү китептеринин салмагы 4-5 тоннага жетип калганын айтып берген:

Менин бир өзгөчөлүгүм, китепти ушунчалык тездик менен окуп, ошол маалымат менин эсимде биротоло сакталып калат. Чыгарма окусам, өзүмчө эле «сюжетти кайдан алган, кимден уурдап алды экен?» деп изилдей бермейим бар. Бул адат менде бала кезден бери бар. Үйдөгү китептердин салмагы 4-5 тоннага жетип калат го, алардын ичинен кандай китеп бар же жок экенин жатка билем.

"Дин жолунда жүрүү өтө жоопкерчиликтүү. Эл сенин тамак жегениңди, баскан-турганыңды, катуураак жөтөлгөнүңдү деле карай берет" деген маектеринин биринде:
Муфтий кезимде жардамчыларым «уят болот» деп базарга барышыма тыюу салышчу. Кээде жупуну кийинип барсам да, «этикет сакталышы керек, протокол бузулбашы керек» деген болор-болбос нерселер бар, ошолорду айтып калышчу. Бирок мен жашырынып эле базарга кетип же дүкөндөргө кирип соода кылып чыкчумун, протоколду бузуп.

Жубайы менен таанышкан учурун мындайча айтып берген:

Турмушка аттанганда мен 24тө, келинчегим 17 жашта болчу. Жаңыдан институтту бүтүп, университетте мугалим болуп иштеп баштаган жылы таанышып калганбыз. Болочок жубайым анда 1-курстун студенти эле. Элдикиндей «сүйүү-күйүү» эмес, биздикин «бактылуу кокустук» десе жарашат. Ата-энем «жашың келип калды, үйлөн» дей бергенинен университеттеги кыздардын тизмесин карап чыктым (күлүп). Сузактан же Ноокенден, кыскасы Базар-Коргонго жакын жердин кызы болсо деген ойлор бар эле. Анткени ата-энелер үчүн бул маанилүү эле, кудага барышат дегендей. Ошентип Өзгөндүн кызын тандадым. Атама көрсөтсөм, «жоолук салынып, узун көйнөк кийип, этек-жеңин кирдетпей кийип жүрүүнүн өзү эле чоң эмгек» деп баа берди. Мен да жоолук салынып жүргөндүгү үчүн пикирибиз бир болсо деген жакшы ойлор менен жактыргам. Сүйлөшүп көрүп, кыргыздын салты менен кудалашып, 1-2 айдан кийин эле баш коштук.

Чубак Жалиловдун шакирти, жакын адамы Улан Давлеткулов дин аалымын "устатыбыз кичи пейил, кечиримдүү, акыйкатты бетке айткан эр жүрөк болчу" деп эскерет:

Бир жолу бирөө жолугушууга келиптир. Ал маалда устатыбыз ооруп жаткан эле. Мен анын тынчын албайлы деген ойдо "жолуга албайт" деп жатсам, өзү келип “кабыл алам, келиңиз” деп, ооруп турса да аны менен бир топко сүйлөшүп отурган. Бирөөдөн жардамын аячу эмес. Адамдардын социалдык статусун эмес, мамилесин баалачу. Мейли ал депутатпы же бир миллионерби, анын адамгерчилигине карачу. Ал өзүңүздөр билгендей, китепти сүйгөн киши эле. Кайда барбасын жанына китеп алып жүрчү. Учакта, унаада узак жолго чыкса дагы дайыма бир китепти окуп бүтүрчү.

Устатыбыз муну айтпа дечү. Бирок айтып берейин, айтканга туура келет. Бир жолу Умра сапарына барганыбызда көп суммада акча үнөмдөп китеп сатып алып, өзүбүз кукси жегенбиз. “Ушул китептердин элге пайдасы тийсин” дейт. Башкалар ресторанда жүрүшсө, биз бөлмөбүздө тамактанганыбыз эсимде. Ошондо Кыргызстанга 120 килограмм китеп менен кайтканбыз. “Китептер – менин байлыгым” дечү. Устатыбыздын китепканасында тонналаган китептери калды. Акыркы күндөрү жаштарга көбүрөөк маани беришибиз керектигин көп айтып калган.

Тайпалашы Ниматулла Рыскулов Чубак Жалилов менен мугалим болуп үч жылдай чогуу иштегенин, анын шайырдыгын белгилейт:

Аябай колу ачык болчу. Кийин мугалим болуп үч жылдай чогуу иштедик. Чубак жатаканада эртең менен бир мискей ботко бышырчу, ал жуунуп келгиче мискейдеги боткосун жеп, кээде өзүнө калбай калчу. Биздин ашказаныбызды ойлоп чоң мискейге бышырганын айт. Аябай көп китеп окучу, жатып, туруп, отуруп эле китеп окуй берчү. Бат окугандын техникасын билчүбү, билбейм, бир чай ичип отурганда жука бир китепти бүтүрүп койчу.

Сауд Арабиядан окуп келгенден кийин деле жолугуп жүрдүк, мен анын убактысын аячу элем. Бул кишини эл катуу сүйдү, элдин ошончо сүйүүсүнө жетишпей калып жатты. Илимге аябай берилип жашады. 1996-жылы Кайырма деген айылда экөөбүз батир ижарага алып жашап, даават кылганбыз. Айылда чуркап жүргөн балдар “Чубак байке” деп аябай жакын болчу. Өзү да баласаак эле, чачтары жазылып жүргөн кичине кыздарды көрсө,”кел, чачыңды өрүп берем” деп туруп тыкыйтып өрүп берчү.

Чубак Жалиловдун уулу Абдулла менен маек курганыбызда ал редакциябызга аалымдын кандай ата, кандай устат болгонун айтып берген:

- Атам тазалыкка абдан көңүл бурчу. Буюмдардын дайым өз ордунда турушун талап кылчу. Кайгырганын ичине жутуп, бизге билгизчү эмес. Конок тоскондо кыргыз салттарын колдонгонго аракет кылар эле. Коноктон ала келген устукандарын "кошуналар да ооз тийишсин" деп берип жиберчү. Атам эч качан адамдардын кийимине же байлыгына карап мамиле кылчу эмес.
- Бир ирет унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1,5 тонна китеп алдырткан. Диний китептерден тышкары тарыхты, көркөм адабиятты көп окучу. Атамдын китептерин жок кылбай сактап, элге мындан ары да пайдасын тийгизсем дейм. Китептерди атам менен апам студент кезинен бери стипендиясына алып чогултуп башташкан экен. Кыскасы атамдын номер биринчи хоббиси китеп окуу болчу.
- Түрдүү породадагы тооктун түрлөрүн, жөжөлөрү менен алып келе берчү. Жем чачып, суусун берип убара болуп калчу үйдө болгон күндөрү. Бир ажы досу да тоок багат. Экөө “менин тоогум мынча, мынча породасы бар. Сеники канча болду?” деп тамаша-чынга салып атаандашып калышчу.
- Кээде гана ачуусу келгенде катуураак урушуп койчу. Антип урушкандан көрө, уруп койсо мага жеңил болчу. Окуудан үйгө анда-санда бир келет деп аяйбы, айтор мени көп урушкан жок. Бирок эркелетип да жибербеди. Орточо катуу кармап чоңойтту. Кээде атам мага балам дебей “укам” деп кайрылчу. Сыягы мен чоңоюп, көлөмүм менен ага тең боло түшкөнүм үчүн окшойт. “Укам, тигини тигинтип коёлубу? Укам, тигил жакка барып келелиби?” деп калчу. Атам менен акыркы жылы абдан көп убакыт бирге болдум.
- Эжемди, карындашымды кыз бала деп өтө сыйлачу. Бизди, эркек балдарын, маршруттук таксилер менен жүргүлө десе, кыздарын такси менен жүргүлө дечү. “Кызды жокчулук, эркекти барчылык бузат” деп кыздарына бизге караганда көбүрөөк акча берчү. Бир жолу эмнеге антесиз деп сурасам “кыздын, деги эле аялзатынын керектөөсү эркекке караганда көбүрөөк болот. Ошого чөнтөгү калыңыраак жүрүшү шарт” деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан