“Социал-демократтар” партиясынын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин айдоочусу Эрмек Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги жана тергөөгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган партиянын депутаттыгына талапкер Эрмек Эрматов добуш сатып алуу тууралуу иш боюнча далилдерди жашырууга аракет кылган деп шектелүүдө.
"Бишкек шаардык кеңешине шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда “Социал-демократтар” партиясы тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө, 22-январда Эрмек Эрматов партиянын төрагасынын орун басары Кадыр Атамбаевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык иликтенип жаткан кылмыш иши үчүн мааниси бар далилдерди жашырууга аракет кылгандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тергөө тапшырмасы жана кечиктирилгис тинтүү жөнүндө токтомдун негизинде, Эрмек Эрматов башкарган "Киа Карнивал" үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок Эрматов мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тартып, автоунаанын салонуна бекинип, уюлдук телефон аркылуу көрсөтмө алып, салондо сакталган электрондук алып жүрүүчүлөрдү жок кылууга аракет жасаган. Жагдайга байланыштуу унааны мажбурлап ачууга туура келген. Бирок Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, укук коргоочулардын унаасына зыян келтирип, качып кеткен.
Кызматкерлер аны артынан кубалап, “Перехват” планы жарыяланып, жыйынтыгында автоунаа калаадагы Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, Эрматов кармалган. Андан соң тинтүү жүргүзүлүп, жазык иши үчүн маанилүү документтер жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылган.
"Алардын арасында Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаевдин аттарына жазылган чет өлкөлүк паспорттор, 70 даана квитанция жана чектер, кара түстөгү китепче жана башка документтер, кара түстөгү “РОСО” моделиндеги уюлдук телефон, 5 даана флеш-карта, “Samsung” үлгүсүндөгү кара түстөгү ноутбук жана анын кубаттоочу кабелдери, Apple iMac 27 моноблогу, эки даана жашыруун видео көзөмөл камерасы, “КББ” жана “ТКБ” моделиндеги видео жаздыруучу жабдуулар бар экени аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Андан соң кармалган Эрмек Эрматов Октябрь РИИБине жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.