
Экс-президент
Алмазбек Атамбаевдин жубайы
Раиса Атамбаева суракка чакырылды. Бул тууралуу
Кадыр Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда маалымдалгандай, Атамбаева саат 14:00гө Бишкек ШИИББине суракка чакырылган.
"Мени саат 11:00гө Бишкек ШИИББине суракка чакырышты. Саат 14:00дө апам Раиса Атамбаеванын сурагы башталат", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, 22-январда Кадыр Атамбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына суракка чакырылганы
маалымдалган.