Кадыр Атамбаев Бишкек ШИИББине суракка чакырылды

"Социал-демократтар" партиясынын өкүлү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев бүгүн, 22-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу Кадыр Атамбаев өзү кабарлады.

Ал Бишкек ШИИББине саат 17:30га чакырылган. Атамбаев милицияга жактоочусу менен чогуу барарын айтты.

Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-январда сот алардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын, анын абалы начарлап баратканын айтып, үй камагына бошотууну суранышкан.

"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан