SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Мекендештер рубрикасынын алкагында АКШда эмгектенип жаткан Адил Жаныбаев менен маектештик.
Ал кыялдарынын арты менен Америкага барганын, мекенге болгон сагынычы, жумуш учурунда орун алган кызыктуу окуясы менен бөлүшүп, максаттарына жетүү үчүн талыкпай эмгектенип жатканын айтты.
Адил Жаныбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Терек-Суу айылында 2001-жылы 1-майда жарык дүйнөгө келген. 1-классты аталган айылдагы мектепте окуган, андан соң, 2007-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келип, калаадагы мектептерде билим алган. Борбордогу К. Көльбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжин аяктаган. Үй-бүлөдө беш бир тууган. Учурда АКШда жашап, эмгектенип келет.
— Адил, учурда кайсы шаарда, канча убакыттан бери эмгектенип жатасыз? Жумушуңуз тууралуу айтып берсеңиз.
— Азыркы учурда АКШдагы Орегон штатынын Портленд шаарында турам. Бир жарым жылдан бери бул жакта эмгектенип атам. Жумушум тууралуу айтсам, АКШ ичинде трак айдайм. Мен иштеген компания мекендеш байкелерибизге тиешелүү. Амазон компаниясынын трейлерин ташып иштейбиз.
— Америкага баруу балалык кыял болгонбу же жашоо турмуш жагдайлары алып бардыбы?
— Албетте, Америкага келүү балалык кыял болчу. Мурун экрандан эле көрчүбүз океандын ары жагында. Ал эми учурда өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз, Кудайга шүгүр. Бул жакка мени балалык кыялдар ээрчитип келди десем болот. Нью-Йорк шаарын, "Үйдө жалгыз" (Одинь дома) тасмасындагы Кевиндин үйүн, Голливудду, Гарвард университетин көрүү кыялдарым эле. Булардын арасынан Гарвардды көрүү гана калды. Калганын көрүүгө жетиштим.
— Узак жолдо (жумуш учурунда) кызыктуу, эстен кеткис окуялар болсо керек…
— Эстен кеткис бир окуя болгон. Ошону айтып берейин. Бир жыл мурун пикаб тракта иштегем унаа ташып. Ага дизель азыраак кюулчу. Май куюучу жай менен анын аралыктары алыс болгондуктан, бир жерден туура эмес багыт алып алган экем. Ал май куюучу жайга барсам ал жер эми курулуп жатыптыр. Бул жакта май куюучу жайды компания тандап берет. Ага барсам иштебейт экен. Ал жактан жолго чыгып бир аз айдагандан кийин эле май түгөнүп, өчүп калды. Америкада түнкү саат 3 болчу, жол жээгинде турам. Эч ким жок айлана-тегеректе. Бул жакта жол тоссоң эч ким жардам бербейт. Анан полицияга чалып, чакырдым. Кудайга шүгүр, бул жактын полиция кызматкерлери адамгерчиликтүү. Алар башынан аягына чейин жардам беришти. Таңкы саат 5те жолго чыккам. Бул окуя дайыма эсимде.
— Тракка чыгууда атайын окутуу курстарынан өтүү талап кылынабы? Жол-жоболору кандай?
— Албетте, атайын курстардан өтүү талап кылынат. Ар бир штаттыкы ар кандай. Өзүм окуган жердикин айтып берейин. Мен Вашингтон штатынын Ванкувер шаарында бир ай окугам. Ал жакта трактын ийне-жибине чейин үйрөтөт. Аны өздөштүрүү ар бир адамдын өзүнө, эпчилдигине көз каранды. Бат үйрөнгөндөр бир айда өздөштүрсө, айрымдар 5-6 айга чейин жүрө беришет. Андан соң бир убакытты белгилеп, экзамен алышат. Андан өтсөн CDL (жүк ташыган унааларды айдоого мүмкүндүк берген лицензия) айдоочулук күбөлүк беришет.
— Акыркы кезде Америка көпчүлүк кыргыз жаштарынын кыялына айланды. Айтсаңыз сиз үчүн кыялдагы Америка менен реалдуу Америка дал келдиби?
— Акыркы учурда көбү Америка деп кыялданып келишип, ал реалдуу Америка менен окшошпой калып кетип калып жатышат. Биринчи себеби алар "асмандан акча жааса, ошол акчаны терип кетсем" деген ой менен келип алышууда. Жок, негизи бир жакка чыгарда же бир ишти баштаарда дагы пайдасы тийсе, бир гана акча табуу максатында эмес, көп жакшылык кылам деген максатта болсо баары жакшы болот деп ойлойм.
Менимче, кыялдагы Америка менен реалдуу Америкада бир аз айырмачылыктар болду жаңы келгенде. Себеби башка өлкө, башка тил, башка аба, башка каада-салт болгондуктан. Акырындык менен көнүп, окшошо баштады. Бул жакта мүмкүнчүлүктөр көп. Америка чынында мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Атам айтып калчу эле "Иштесең, тиштейсиң" деп. Буюрса, иштесең, тиштейсиң. Бир эле иштөө максатында эмес, билим алуу, эл-жер көрүү, өзүңдү өзүн өнүктүрүү деп түшүнөм. Кудайга шүгүр, бул жакка келип калганыма. Мен үчүн кыялдагы Америка реалдуу Америкага окшош эле.
— Америкадагы кыргыз жигитинин бир күнү кандай өтөт?
— Өзгөчө деп деле айта албайм. Кадимкидей эле бул жактагы башка кыргыз жарандары сыяктуу эле иштейбиз. Көбүнчө жолдо жүрөбүз. Бош убакыт болгондо машыгуу залына барам. Азыркы учурда көбүнчө иштегенге басым жасап атабыз. Себеби алдыга коюлган максаттар бар. Ага жетүү үчүн бир нече убакыт, жылдарбы иштешибиз керек. Көпчүлүк учурда жолдо жүрөбүз. Жолдо зерикпестен ар ким менен сүйлөшүп, байланышып турам. Мындан тышкары Тикток, инстаграмга видео тартып, блог алып барам. Ал кыргызстандык жарандарга кызыктуу болууда.
— Ата журтту сагынганда…
— Мекенимди сагынганда узак убакыт ата-энем менен сүйлөшөм. Апам менен көбүнчө баарлашам. Кошуналар, туугандар, жаңылыктар тууралуу айтып берет. Досторум менен да көп сүйлөшөм. Ошентип, кичине болсо дагы сагынычты таратам. Албетте, өз мекенимде болсом жакшы болмок, бирок азырча ушундай...
— Адил, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Ишиңизде ийгиликтер көп болуп, жолуңуз ачык болсун!