ӨКМ Чүйдөгү ири өрт боюнча маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүйдөгү ири өрт Сокулук районундагы Сокулук айылынын Фрунзе көчөсүндөгү мечитте чыкканын билдирди.

Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылып, кошумча саат 21:00дө Чүй облусунун башкармалыгынан ыкчам топ тартылган.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Чүйдө мечит өрттөнүп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Анда өрт Москва районунун Александровка айылында чыкканы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан