Чүйдөгү Москва районунун Александровка айылында ири өрт чыкты. Окуянын видеосу бүгүн, 24-январда социалдык тармактарда тарады.
Маалыматтарга караганда, мечит өрттөнүп жатат. Тилсиз жоо кечки саат 20:20лар чамасында тутанган.
Өрт эмнеден улам келип чыкканы жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. ӨКМ азырынча маалымат бере элек.