Насыя алууда эмнелерге көңүл буруу керек? Улуттук банктын кеңештери

SUPER.KG порталынын Пайдалуу кеңеш түрмөгүндө бул жолу финансылык сабаттуулук темасында, анын ичинде насыя алууда көңүл бура турган жагдайлар тууралуу сөз кылабыз. Аны Улуттук банктын басма сөз кызматы айтып берет.

Алгач эле карыздык каражаттарды пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда терең ойлонуу зарыл. Көпчүлүк учурларда насыялык каражаттарды алууда күрөө талап кылынат. Анчалык маанилүү болбогон максат үчүн күрөөнү жана алгылыктуу насыялык таржымалды тобокелге салууга болбойт.

Карыздык каражатты натыйжалуу пайдалануу үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жана келечектеги пландарды баалоо зарыл. Ал үчүн төмөнкү суроолорго жооп издөө керек:

• насыялык каражаттар аркылуу сатылып алынган товар же кызмат көрсөтүү сиз же сиздин үй-бүлөңүз үчүн маанилүүбү?
• товар же кызмат көрсөтүү киреше алып келеби?
• келечекте товардын баасы көтөрүлөбү?
• каражат топтобостон, карызга алуунун зарылдыгы барбы?

Андаң соң насыя алуу үчүн кайрылуу зарылдыгын аныктап, эң ылайыктуу насыялык продуктту тандоо зарыл. Ал сизге насыялоо мөөнөтү боюнча ылайыктуу болушу керек. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда жана кайтаруу шарттары боюнча эң арзан болууга тийиш. Банктардын тарифтерин салыштыруу үчүн Финсабат сайтын колдонсо болот.

Карызга алынган каражаттар максатыңызга жетүүдө пайдалуу болорун же оорчулук жаратарын аныктоо үчүн насыяны төлөө мүмкүнчүлүгүнүздү карап көрүү зарыл.

Биринчиден, жакынкы алты айга болжолдонгон кирешелер жана чыгашалар эсептелиши керек. Бул үчүн акыркы алты айдагы реалдуу кирешелер менен чыгашалардын ортосундагы айырманы кароо абзел. Алынган сумманы (финансылык коопсуздук жаздыкчаңыз болгон учурду эсепке алганда) насыя төлөө үчүн негиз катары колдонсоңуз болот.

Мисалы, эгерде наркы 900 000 сом болгон автонасыяны 24 айга чейин 25 пайыз менен алууну пландап жатсаңыз, анда сиз айына сарптаганыңыздан 48 миң 35 сомго көп акча табышыңыз керек.

Эгерде сизде жок дегенде алты айга финансылык коопсуздук жаздыкчасы жок болсо, анда карыз же насыя алуунун зарылдыгы жок. Эгерде бизнести өнүктүрүү үчүн насыя алынса, аны камсыздандыруу сунушталат.

Экинчиден, насыяны кайтаруунун эң оптималдуу жолун аныктоо зарыл. Негизги жолдору: аннуитеттик же дифференцияланган төлөмдөр. Аннуитеттик төлөмдөр ай сайын белгиленген сумманы төлөөгө мүмкүндүк берет. Бирок башында төлөмдүн негизги үлүшүн эсептелген пайыздар түзгөндүктөн, жалпысынан, карыз алуучу көбүрөөк пайыз төлөйт. Дифференцияланган төлөм ыкмасы насыялоо мөөнөтүнүн ичинде төлөмдөрдүн азайышы менен мүнөздөлөт. Анда негизги карыздын бирдей үлүшү жана карыздын анык калдыгына чегерилген пайыздар камтылат.

Насыянын кайтаруунун эки ыкмасынан тышкары финансы-кредит уюмдары насыя төлөө үчүн ийкемдүү графиктерди бизнестин өзгөчөлүктөрүн жана мезгилин эске алуу менен сунушташат. Мисалы, айыл чарба жумуштары үчүн.

Үчүнчүдөн, насыя берүү жана насыя менен камсыз кылуу ыкмасын аныктоо зарыл. Насыя берүүнүн ыкмалары бир жолку төлөм же насыялык линия болушу мүмкүн. Насыяны камсыздоо катары күрөө же кепилдик берүүгө болот. Насыялык продуктка жараша камсыздоо талап кылынбашы да мүмкүн.

Насыялык линия менен бир жолку төлөмдүн негизги айырмасы эмнеде?

Сиз колдонгон суммага гана пайыз төлөйсүз, андан тышкары негизги сумманы тез арада төлөп берсеңиз, анда пайыздар төлөнбөйт.

Насыялык линия ири суммадагы насыяны тез арада алууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок стресстен жана жагымсыз жагдайлардан улам, милдеттүү эмес каражаттарды алууда туура эмес чечимдерге түрткү бериши ыктымал.

Жумушсуз калган жана туруктуу киреше булагын жоготкон учурларда жана финансылык коопсуздук жаздыкчасы жок болсо, карыз алуучу күрөөнү жана алгылыктуу насыялык таржымалын жоготушу мүмкүн.

Жашоодо ар кандай жагдайлар болушу мүмкүн: оору, жумуштан кетүү, рыноктун кулашы, банкротко учуроо, мында киреше жоголушу мүмкүн. Натыйжада финансылык милдеттенмелерди төлөөдө көйгөйлөр жаралышы ыктымал.

Мына ушундай форс-мажордук жагдайлар келип чыкканда насыялык каражаттарды кайтаруу шарттарына жана насыялык келишимдин алкагында алардын туура таризделишине көңүл буруу зарыл.

Жарандар насыя төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болсо, төмөнкүлөр сунушталат:

  • кредитор менен сүйлөшүүдөн качпоо керек;
  • насыя боюнча төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу керек болгон мөөнөттү эсептеп чыгуу;
  • жагдайдан чыгуу жолдорун жана кийинки жылга киреше алуу боюнча пландарды жазып чыгуу;
  • кредиторго кайрылыңыз жана кирешени жоготууга алып келген жагдайларды көрсөтүү менен, аны төлөө шарттарын кийинкиге калтыруу же өзгөртүү жөнүндө арыз жазыңыз (кандай, кайсы мезгилге жана себеби). Арызга форс-мажор болгондугун ырастаган, колдо болгон документтерди: иштен бошотуу жөнүндө буйрук, иштеген жеринен маалым кат, медициналык мекемеден ден соолугунун абалы жөнүндө маалым кат ж.б. тиркеңиз.

Насыяны төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу кредитор менен жекече сүйлөшүлөт. Көпчүлүк учурда насыя төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу карыз алуучуну кийинкиге калтырылган мезгилдеги пайыздарды төлөөдөн бошотпойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан