Мурдагы элчи Гүлнара-Клара Самат проректор болуп дайындалды

Кыргыз-Орус Славян университетинин биринчи проректору болуп Гүлнара-Клара Самат дайындалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кыргыз-Орус Славян университетинин окумуштуулар кеңешинин жыйынында жактырылган. Жаңы дайындалган жектекчини эмгек жамаатка билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу тааныштырды.

Гүлнара-Клара Самат 1963-жылы 20-августта Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты.

Эмгек жолу

  • 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими.
  • 1987-1991-жылдары кесиптик техникалык училищесинде баштапкы комсомол уюмунун катчысы;
  • 1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген.
  • 2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган;
  • 2005-2006-жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген;
  • 2006-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган;
  • 2006-2007-жылдары президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору;
  • 2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон;
  • 2018-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңештин депутаты.
  • Кыргыздын Орусиядагы элчиси болуп 2021-жылы февраль айынан 2024-жылдын май айына чейин иштеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан