Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
"Президенттин жарлыгына ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Самат Гүлнара-Клара Кыргызстандын Орусиядагы жана Москва шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду" деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Гүлнара-Клара Самат Кыргыздын Орусиядагы элчиси кызматына 2021-жылы февраль айында дайындалган.