Кремль Байдендин администрациясы Путинди өлтүрүүгө аракет кылган деген сөзгө реакция кылды

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын атайын кызматтары такай даярдыкта экенин жана мамлекет башчысы Владимир Путиндин коопсуздугун толугу менен камсыздап жатканын билдирди. Ал америкалык журналист Такер Карлсондун АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясынын Путинге кол салуу аракети тууралуу айткан сөздөрүнө ушундай жооп берген.

"Орусиянын атайын кызматтары коомдук коопсуздукту жана мамлекеттин коргоосунда турган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды тынымсыз көрүп жатат", - деген Песков.

Буга чейин атактуу америкалык журналист Такер Карлсон АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия менен АКШнын ортосундагы согуштун башталышын тездетүү үчүн колунан келгендин баарын жасаганын айткан. Анын айтымында, мурдагы президент Байдендин администрациясы Владимир Путинди өлтүрүүгө аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан