Америкалык журналист Такер Карлсон АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясы Орусиянын лидери Владимир Путинди өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик катчы Антони Блинкен өзүнүн кызматтык мөөнөтүнүн акыркы эки айында АКШ менен Орусиянын ортосундагы согушту тездетүү үчүн колдон келгендин баарын жасаган.
"Блинкен (АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы) эки өлкөнүн ортосунда (Орусия менен АКШ) согуш чыгарууну колдогон, мисалы, Путинди өлтүрүү менен. А Байдендин администрациясы эмне кылды? Алар Путинди өлтүрүүгө аракет кылышты", - деген ал журналист Мэт Таиббиге берген маегинде.
Деген менен Карлсон айткандарына далил келтирген эмес. Ал болгону мындай аракет "акылга сыйгыс" деп гана кошумчалаган.