Светлана (Асланайым) Аширова А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп кайра дайындалды. Бул тууралуу журналисттерге ал өзү билдирген.
"28-январда сынактан татыктуу өткөнүмдү белгилеп, цирктин директору болуп дайындалганымды уктум. Эмгек келишими 1 жылга түзүлдү", - деген Аширова.
Светлана Аширова келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 23-январда кызматынан бошотулган.
Андан бир нече күн мурда цирктин кызматкерлери Ашированын ишмердигине байланыштуу нааразычылыгын билдирген. Бул боюнча Маданият министрлиги атайын комиссия түзүлгөнүн билдирген. Комиссия бардык арыз-сунуштарды карап чыгып, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлөрү айтылган.
Аширова циркте көркөм жетекчи болуп жүрүп, былтыр 23-октябрда директорлукка дайындалган.