Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин кызматкерлери тарабынан учурдагы директор Светлана Ашировага айтылган дооматтарга байланыштуу маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, комиссия текшерүү иштерин баштаган. Министрлик иликтөөчү комиссия келип түшкөн бардык арыздар менен сунуштарды калыс, кайрылууларды адилеттүү жана ачык карайт деп убадалады.
"Иликтөөнүн жыйынтыгы менен цирктин ишин жакшыртууга, кызматкерлер менен артисттер үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүүгө багытталган тийиштүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.