
Ички иштер министрлиги тарабынан Октябрь РИИБде текшерүү жүргүзүлүп, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында бүгүн, 11-февралда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бир катар жетекчилер кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруудагы кемчиликтери жана кол алдындагыларга көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн ээлеген кызматтарынан кол жуушкан.
Алар:
- Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы Эмирлан Зарылбек уулу;
- коомдук коопсуздук кызматы боюнча орун басары Турат Жакшылыков;
- кадрлар боюнча орун басары Эрнист Арымбаев ээлеген кызматтарынан бошотулду.
- Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Кубат Шабданбек уулу жана анын орун басары Айбек Темирбаев;
- жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын башчысы Токтобек Чыбылдиев;
- кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Султангазиев;
Мындан тышкары Октябрь РИИБде болгон мыйзам бузуу окуялары боюнча чечимдер кабыл алынып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысына жана орун басарларына катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.
Мындан тышкары шаардык башкармалыктын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаевге жана Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановго ээлеген кызматына толук эместиги жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилди. Ал эми Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Айдакеев ээлеген кызматынан бошотулду.
Кошумчалангандай, баардыгы болуп 8 жетекчинин жоопкерчилиги каралды.
"Ошону менен бирге Бишкек шаарынын төрт районунун ички иштер башкармалыктарына мыйзам бузуунун жана кызматтык тартиптүүлүктү алдын алуу максатында ички иликтөө кызматынын бирден кошумча кызмат орду киргизилди. Ички иштер министрлиги ар бир болгон мыйзам бузуу жоопкерчиликсиз калбастыгын жана ар бир мыйзам бузууга барган кызматкерлерге жана түздөн түз жетекчилерине принципиалдуу баа бериле тургандыгын эскертет", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Октябрь РИИБдин айрым кызматкерлери жемкорлук менен
кармалган. Мындан тышкары дагы бир кызматкер зордуктоого
айыпталууда.