Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Айдана Жупуева шайланды. Бул туурасында БШКнын маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, кечээ, 11-февралда комиссиянын жыйыны өтүп, анда Жупуева төрага орун басарлыгына бекитилген.
Айдана Жупуева 2021-жылдан бери БШК мүчөсү болуп эсептелет.
Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматынан кетип, анын ордуна орун басар кызматын аркалап келген Тынчтык Шайназаров шайланган болчу.