Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Тынчтык Шайназаров шайланды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын талапкерлиги БШКнын кечээ, 10-февралда өткөн жыйынында каралып, жактырылган. Шайназаровду төрагалыкка аталган кызматтан өз каалоосу менен кеткен Нуржан Шайлдабекова көрсөткөн. Жыйында комиссиянын мүчөлөрү Шайлдабекованын кызматтан кетүү боюнча жазган арызын да карашып, канааттандырышкан.
Тынчтык Шайназаров 2021-жылдан бери БШКнын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ага чейин прокуратура тармагында эмгектенген.